super.kg logo

"1,5 миллион сомдук зыян келтирген". Ошто мал уурулукка шектелип 5 жаран кармалды

 
Ош облусунун Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенген 5 жаран кармалды. Бул туурасында бүгүн, 30-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 18-сентябрда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Салам-Алик айыл аймыгынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда сентябрь айында 4 баш малын белгисиз атуулдар уурдап кетишкендигин билдирген. Ушундай эле мазмундагы арыздар менен дагы 7 атуул кайрылган. Жалпы 16 баш мал уурдалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205¹-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган Х.О. 2001-жылы туулган М.Ж., 2001-жылы туулган С.У., 2005-жылы туулган А.А., 2005-жылы туулган Х.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган.
"Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 1 миллион 500 миң сомду түзөт. Уурдалган малдардын 9 башы ээлерине кайтарылып, калгандарын башка аймактардагы базарларга алып барып сатып жибергени маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: