super.kg logo

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

 

Кыргызстандан Ооганстанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жеткирилди.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 75-сессиясында да Ооганстанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

"Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: