УКМК: Салык кызматынын инспектору 10 миң доллар пара менен кармалды (видео)
Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору К.С. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 29-сентябрда пара менен кармалган. К.С. Ош шаарында катталган "Л.Н." ЖЧКсына карата салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын жасалма түрдө жогорулаткан жана ишкердик субъектиден салык милдеттенмелерин кыскартуу үчүн 10 миң доллар талап кылган. Кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Атайын кызмат учурда кылмыш ишине тиешеси бар салык кызматынын кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
30.09.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.