super.kg logo

Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алып берүүгө жардам берген УКМКнын 7 кызматкери жазаланды

 
Айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Анда мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери (сөгүш-2, катуу сөгүш – 3, Кызматына толук туура келбегендигин эскертүү – 2) жазалангандыгы аныкталды.
Маалымдалгандай, бул чаралар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК башчысы мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырган.

Учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: