super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэриясы менен Чхонджу мэриясынын ортосундагы түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду   

 

Бишкек мэриясы менен Кореянын Чхонджу шаарынын мэриясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда муниципалитеттен билдиришти.

Ага ылайык, меморандумга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров менен Чхонджу шаарынын мэринин орун басары Шин Бенг Дэ кол коюшту.

"Меморандумдун максаты - Бишкек шаарынын жашоочулары менен Чхонджу шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоо, шаар куруу, экология, инфраструктура, билим берүү жана маданият, экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде туризм, соода жана инвестициялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду тереңдетүү жаатында билим, тажрыйба алмашууну колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу документке кол коюу аркылуу эки тараптуу шаарлар аралык мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: