super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык калыстар U-20 Азия кубогунун тандап алуу оюндарын тейлешти

 

2025-жылкы жаштар арасындагы U-20 Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында "C" жана "D" тайпасынын беттештерин ата-мекендик калыстар жана калыс жардамчылары тейлешти. Бул бүгүн, 30-сентябрда тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул тайпалардын беттештери 21-29-сентябрь күндөрү Кувейтте жана Сауд Арабиясында орун алган.

"C" тайпасына Корея, БАЭ, Кувейт, Ливан, Мариана аралдарынын курамалары киришкен. Бул курамалар ортосунда өткөн бир катар беттештерине ФИФА калыстары Нурзатбек Абдыкадыров менен Зайнидин Алимов, ФИФА калыс жардамчысы Элдияр Салыбаев дайындалышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми "D" тайпасында Сауд Арабия, Австралия, Ооганстан, Палестина, Макао курамалары ойношуп, анда ФИФА калысы Медер Тайчиев жана ФИФА калыс жардамчысы Элдос Мурзабеков тейлешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: