super.kg logo

Өлкөдө бүгүнтөн тарта пенсиянын көлөмү көбөйтүлөт

 

Бүгүн, 1-октябрда президент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктап жатып, бүгүнтөн тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулаганын айтты.

"2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт", - деди өлкө башчысы.

Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМК менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов Биринчи радиого маек берип жатып, Кыргызстанда 785 миңге жакын пенсионер бар экенин айткан.

Айтымында, быйылкы жылы январь айынан бери 30 миңден ашык жаран пенсияга чыкты.

"1-июлда социалдык камсыздандыруу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, мөнөөтүнөн мурда чегериле турган пенсиялар жокко чыгарылган. Тагыраагы, 55-60 жаштан 35-40 жылдык иш тажрыйбасы барлар эрте чыгып жүрүшкөн да. Ошол ченем жокко чыгарылып, азыркы учурда 58-63 жашта гана пенсияга чыгып жатышат. Андан тышкары бизде жеңилдик шартта пенсиялар бар. Алар өзгөрүүсүз калды.

1-июлдан баштап толук эмес базалык бөлүктү алып жүргөн жарандарга кайра эсептөө жүргүзүлдү. Пенсиянын орточо баасы 9 192 сомду түзөт", - деген ал.

Маалымат үчүн: Пенсияга чегерилген каражат эки бөлүмдөн турат.

  • Базалык (мамлекет тарабынан камсыздардырылган бөлүмү) (республикалык бюджеттен каржыланат)
  • Камсыздандыруу бөлүмү (Пенсиялык фонд тарабынан каржыланат).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: