Сокулуктагы "Аю" ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекетке өткөрүлдү









Чүй облусунун Сокулук районундагы "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган комплекс мурда "Аю" холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында болгон. Жалпы аянты 2223,45 чарчы метр болсо, анын наркы 267 миллион 639 миң сом турат.
УКМК комплекстин ордунда мурда бассейн болгонун, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланганын белгиледи.
"Аю" холдингдин уюштуруучулары менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.