super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдирди.

Ага ылайык, 3-октябрда Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, министрлер кеңешинин төрагасы Жорджей Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

4-октябрда президент Жапаровдун Рим папасы Франциск менен жолугушуусу болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: