super.kg logo
  Саясат  

 "Мындан өткөн уят иш жок!" Шакиев куттуктоосунда жүрөк өйүткөн өкүнүчүн айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев карыяларды 1-октябрь – Карылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Шакиев өз сөзүндө байыртан кыргыз эли “карысы бардын – ырысы бар” деп, карыяларды төрдүн көркү, үйдүн тиреги катары кадырлашканын белгиледи.

"Биздин элде карыны таштамак түгүл, улагага олтургузуу уят иш катары каралып, улгайган адамдын астынан кыя өтүү жосунсуз жорук деп эсептелген. Мына ушундай жазылбаган нарк элибиздин келечегине жол чырак болуп, урпактан урпакка уланып келген. Тилекке каршы, соңку жылдары уул-кызы бар туруп, карылар үйүндө калган карыялардын көбөйүп бара жаткандыгы өкүндүрөт. Аштык таппай, бир күкүм нанга зар болгон кыйынчылык учурда да ата-энесин таштабаган элдин урпактары үчүн мындан өткөн уят иш жок! Ата-энебизди карыганда кадырласак, өзүбүз улгайганда да уул-кызыбыздан ошондой урмат-сый көрөрүбүздү унутпашыбыз керек. Карыбызга карабасак, кийин балдарыбыз да кайрымсыз болору анык", - деди төрага.

Ошондой эле ал карыялар өткөн менен келечектин көпүрөсү эле эмес, эгемен мамлекетибиздин түндүгүн көтөргөн түркүк экендигин кошумчалаган.

"Берген ак батаңыздар, айткан акыл-кеңешиңиздер менен калкыбыз түздөлүп, өлкөбүз өргө өйдөлөй берери анык. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилейм! Уул-кыз, небере-чөбүрөлөрдүн маңдайында, журтубуздун сыймыгы, элибиздин каймагы болуп аман жүрүңүздөр!" - деди Шакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: