super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Жидда шаарында окуу-машыгуусун өткөрөт

 
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы октябрдагы беттештерине даярдыгын көрө баштады. Бул туурасында бүгүн, 1-октябрда Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалымдалгандай, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы 10-октябрда Катар менен конокто ойнойт. Ал эми 15-октябрда Түндүк Корея курамасы өз оюн талаасында кабыл алат.
"Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 3-октябрдан тартып Сауд Арабиянын Жидда шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Даярдык аяктагандан кийин команда биринчи беттешке катышуу үчүн 8-октябрда Катарга бет алат", - деп белгилеген маалыматта.
Ошондой эле чакырылган оюнчулардын курамы жакынкы күндөрү жарыялана тургандыгы маалыматта кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: