2-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 2-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында жазылат.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +19 ... +24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +16 ... +21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +22 ... +24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +18 ... +20;
Нарын облусунда түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +17 ... +19;
Бишкек шаарында күндүзү жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +21 ... +23 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.