super.kg logo
  Саясат  

Тазабек Икрамовдун ордуна жаңы депутат болуп келген Алтынбек Кылычбаев ким болгон?

 

Тазабек Икрамовдун ордуна №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп Алтынбек Кылычбаев шайланып келди. Борбордук шайлоо комиссиясы ага кечээ, 30-сентябрда белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырды. Эми ал эртең Жогорку Кеңеште ант берип, кызматына киришет.

Кылычбаев Алтынбек Таирович 1977-жылы 11-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айылында жарык дүйнөгө келген.

Үй-бүлөлүү. Жогорку билимдүү. 2001-2007-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин дистанттык окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинде билим алган.

Эмгек жолун 2006-жылы "Намыс МБ" консалтинг компаниясында башкы директорлуктан баштап, 2010-жылга чейин иштеген.

2011-12-жылдары Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн сектор башчысы болуп эмгектенген.

2023-жылдын май айынан бери "Жалал-Абад" санаториясынын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: