super.kg logo

Ташиев текшергенден кийин "Достук" өткөрмө бекетинин иши жакшырды

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин пландан тышкары текшерүүсүнөн кийин "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы өткөрмө жөндөмдүүлүк жакшырды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

26-сентябрда Ташиев Оштогу Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө постун күтүүсүз текшерүүгө алып, анын жүрүшүндө көзөмөл-өткөрүү пунктунун толук кандуу иштешине тоскоол болгон бир катар факторлорду аныктап, бул тууралуу жергиликтүү кызматтарга эскертүү берген.

"Текшерүүдөн кийин мамлекеттик чек арадан Өзбекстан менен өткөн адамдардын агымын үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында айрым жерлерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, калкты тейлөө үчүн чек ара кызматынын кызматкерлеринин саны 9 адамга көбөйтүлүп, алардын кызмат өтөө графиги кайрадан каралды. Учурда УКМК тарабынан "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралууда", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: