super.kg logo
  Саясат  

Президент УКМК кармаган "Унаа" мекемесинин директорун кызматтан алды 

 

Рустам Жокоев транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Жокоев Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча шектелип кармалганы маалымдалган.

Эске салсак, Жокоев 2021-жылы сентябрь айында "Унаа" мамлекеттик мекемесине директор болуп дайындалган. Быйыл март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматына бекитилген. Буга улай эле президенттин басма сөз кызматы ага аталган агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөнүн маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: