super.kg logo
  Саясат  

"Сиз адреналин алсаңыз, мен ырахат алып жатам". Депутат Сыдыкбеков Финансы министрлигинин ишин мактоого алды

 

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Финансы министрлигинин ишмердүүлүгүн "жакшы" деп баалады.

Жыйында ал финансы министри Алмаз Бакетаевге "жасап жаткан ишиңизден ырахат алып жатасызбы же жокпу?" деп сурады. Министр өз кезегинде буга жумушунан адреналин аларын айтып, жооп берди.

"Сиз ырахат албай, адреналин алып жатсаңыз, силердин жумушуңардан мен ырахат алып жатам. Негизи Каржы министрлигинин бүгүнкү кылып жаткан кызматы мактоого тактыктуу. Мына 3 жылдын ичинде кандай өсүш болуп жатат", - деди депутат.

Ошондой эле Сыдыков министрликтен Транспорт жана Санариптик өнүктүүрүү министрликтерине, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине өз кезегинде каржы бөлүп турууну суранды. Ал муну мектептер менен жолдордун курулушунда дагы көптөгөн жылыштар болмок деп түшүндүрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: