super.kg logo
  Саясат  

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 51 депутат шайланып келет. Президент мыйзамга кол койду

 

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 51 депутат шайланып келет. Тиешелүү мыйзамга бүгүн, 1-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү кеңештердин сандык курамын белгилейт. Ага ылайык, административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21 депутат шайланат.

Ошондой эле шаардык жана айылдык кеңештерде калктын саны 20 миңден 70 миңге чейин жеткен аймактар 31 талапкерди эл өкүлү кылып шайлашат. Эгерде калктын саны 70 миңден жогору болсо 41 талапкер депутат болуп келет.

Белгилей кетсек, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 19-сентябрда кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: