super.kg logo

Яндекс Go өз брендин жаӊылады 

 

Яндекс Go өз брендин жаӊылады, атап айтканда элесин, визуалдык стилин жана коммуникация мүнөзүн өзгөрттү. Жаӊылоо тиркеменин шаарда сапар жүрүү гана эмес, мисалы тамак-ашка буйрутма берүү сыяктуу көп түрдүү күнүмдүк маселелерди чечүүнүн жолдорун жөнөкөйлөткөн бардык көнүмүш жана жаӊы мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырууга жардам берет.

Яндекс Go компаниясынын миссиясы – адамдардын күнүмдүк жашоосун жеӊил кылуу. Тиркеме күн сайын жардам бере турган сценарийлердин санын дайыма кеӊейтет. Шаар боюнча таксиде жана самокат менен сапар жүрүүдөн тышкары, адамдар тиркемеде коомдук транспорт үчүн багыттарды белгилейт, сүйүктүү ресторанынан тамак-аш алдырат, жакындарына белек жөнөтөт. Яндекс Go элдин жаӊы суроо-талаптарына жооп берүү жана алардын жашоосун ыӊгайлуу кылууга умтулуу менен тиркеменин мүмкүнчүлүгүн мындан ары дагы кеӊейтүүнү пландоодо.

Сервис буга чейин сайттын визуалдык стилин, логотибин, башкы барагын жаӊырткан, ошондой эле такси унааларындагы брендинг белгилерин өзгөртө баштады. Яндекс Go фирмалык элеси да өзгөрдү – эми Go кара тамгалар менен сары фонго жазылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: