super.kg logo
  Саясат  

Энергетика министри быйыл смог маселеси болбой турганын билдирди 

 

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул жылы Бишкекте смог маселеси болбой турганын билдирди.

Министрдин айтымына караганда, өлкөдө акыркы жылдары колдонулган газдын өлчөмү өскөн.

"Бүгүнкү күндө жаңы конуштарга брошюраларды таратып, элди газга өткөргөнгө аракет кылуудабыз. 2021-жылдары 270 миллион куб газ колдонсок, азыр 500 миллион кубга жетип калдык. Орусиядан Казакстан аркылуу келип жаткан газ азыркы учурда бир эле түтүкчө менен келет. Учурда Казакстан менен Өзбекстан газды көп алуунун аракеттерин кылып жатышат. Алар канчалык газды көп алышса, бизде дагы газды көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк болот.

Биз 2040-жылга чейин Орусиянын "Газпром" ишканасы менен келишим түздүк, эми бизде 2040-жылга чейин газдын баасы көтөрүлбөйт", - деди Таалайбек Ибраев.

Ошондой эле министр жакында ЖЭБ-2нин курулуш иштери башталарын, ишкана газ менен иштей турганын билдирди.

"Түрк инвесторлору менен келишимдер түзүлүп, ЖЭБ-2нин курулуш иштери башталганы жатат. Ал газ менен иштейт. Ал эми ЖЭБде дагы оңдоо иштери башталды, ал дагы кийинки жылы газ менен ишке кирет", - деп билдирди Ибраев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: