super.kg logo

Бишкекте маркум Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү тапанча менен кармалды (видео)

 

Бүгүн, 1-октябрда Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынан маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 4-5 адамдан турган топ баңгизат жана ок атуучу куралдарды сатуу менен алектенип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Ок атуучу куралды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүнү кармаш үчүн Бишкекте атайын операция уюштурулуп, Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган К.Р. аттуу тургуну колго түшкөн. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турары такталган. Тинтүү учурунда анын унаасынан номери өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.

ИИМ учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факты боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.






01.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: