super.kg logo

Москвада мыйзамсыз легалдаштырууга шектелип миңден ашык мигрант кармалды (видео)

 

Москвада курулуш тармагындагы жасалма компаниялар аркылуу миңден ашуун мигрантты мыйзамдаштырган уюшкан топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын айтымында, схеманын катышуучулары курулуш менен алектенген фигурант аркылуу коммерциялык уюмдарды түзүшкөн. Андан соң топтун мүчөлөрү мигранттар менен жасалма эмгек келишимдерин түзүп, алардын Орусияда жүрүү мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк беришкен.

Схеманын катышуучулары кардарларды мессенжерлер аркылуу издешкен. Айрым мигранттар досторунун сунушу менен кайрылышкан. Ал эми алар көрсөткөн кызматы үчүн 5 миңден 10 миң рублга чейин сурашкан.

"Көмүскө бизнестен түшкөн алдын ала киреше 5 миллион рублдан ашат, ал эми легалдаштырылган чет элдиктердин саны миңден ашат", - деп айтылат маалыматта.






Москвада мыйзамсыз легалдаштырууга шектелген миңдеген мигранттар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: