super.kg logo

"Сүрөттөрүңдү интернетке жарыялайм". Сузакта опузалап акча талап кылган аял кармалды (видео)

 

Сузак районунда таанышын опузалаган 33 жаштагы шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү милицияга 52 жаштагы Сузак районунун А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 21-сентябрь күнү өзүнө тааныш аял жылаңач сүрөттөрүн интернет булактарына жарыялайм деп коркутуп, андан 100 миң сом талап кылып жатканын айткан.

Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Шектүү катары 33 жаштагы Сузак районунун А.С. аттуу тургуну Бишкек-Ош унаа жолунда жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.






01.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: