super.kg logo

УКМК маркум Көлбаевге жеке жактар аркылуу өтүп кеткен мамлекеттик имаратты аныктады (видео)

 

Бишкектеги "Октябрдын 40 жылдыгы" тигүү фабрикасынын айрым мамлекеттик объекттери аффилирленген жактар тарабынан маркум Камчы Көлбаевге өтүп кеткен. Бул туурасында бүгүн, 1-октябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

“Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам жол-жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 миң чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери "Рос-Трейд" ЖЧКсынын (азыркы "Детский Мир" соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Анын директору А.М., А.А. аттуу жарандар болгон”, - деп айтылат.

2009-жылы А.М. соода борбордун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, К.Асанбек (Көлбаев) менен өнөктөштүк мамилесин түзгөн. Ага үлүштүн 50 пайызы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар 3 кабаттуу имарат берилген.

“2020-жылы А.М. аянты 10 миң чарчы метр болгон "Детский мир" соода борборунун имаратын Н.М. аттуу инвесторго 6 миллион долларга саткан. Келишимге ылайык аталган сумманын 2 миллион 300 миң долларын маркум Көлбаевге бергендиги аныкталып, кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылагандыгы боюнча да маалыматтар алынган”, - деп белгиленген.

Мындан улам жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Асанбектин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүшүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 миллион сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

Кылмыш ишинин алкагында А.М. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.






01.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: