Энергетика министри Кадамжайда нефти өндүрүлө баштаганын айтты
Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусунун Кадамжай районунда мунай өндүрүү колго алынганын билдирди.
Ал "Түндүк Сох" газ кампасына Түркиядан келген инвестор 90 миллион сом инвестиция салып, калыбына келтиргенин айтты.
"Убагында Өзбекстан ишетип келген газ кампасын кайра калыбына келтирип, нефти чыгара баштады. Бир жума болуп калды, күнүнө 500 тонна нефти чыгарып жатышат. Октябрдын аягы ноябрларда нефтини кайра иштетүү заводдун ишке киргизишет дагы бензин чыгарып башташат... Биз аларга газды дагы караштыруу тапшырмасын бергенбиз", - деди Ибраев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.