super.kg logo

Ошто улгайгандардын күнүнө карата муктаж болгондорго жардам көрсөтүлдү

 

Бүгүн, 1-октябрда Ошто Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата муктаж болгон карыларга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош мэриясынын өкүлдөрү "Боорукердик" үйүндө жашаган улгайган жарандарга жардам көрсөтүшүп, азык-түлүктөрдү жана белектерди тапшырышты.

Ал эми ОшМУнун медициналык факультетинин студенттери тарабынан акысыз медициналык кароо уюштурулду.

"Жалгыз бой, аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу катмардан 230 улгайган жаранга майрамдык концерттик программа тартууланып, сый-тамак берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган, жалгыз бой карыларга колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: