Бишкекте дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек үч өспүрүм табылды
Бишкек шаарында изделип жаткан жашы жете элек 1 бала жана 2 кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Биринчи май РИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрда С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2018-жылы туулган Эламан Султановду, 2012-жылы туулган Арууке Султанованы жана 2009-жылы туулган Елена Стреловскаяны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген.
Жогорудагы маалымат тергөө кызматында катталып, издөө иштери башталган. Жыйынтыгында дайынсыз болуп жаткан үч өспүрүм бүгүн түндө саат 02:30 чамасында Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.