"300 миң сом байге". Тогуз-Тородогу Мойдунов мектеби жылдын мыктысы болду






Бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т. Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталып, 300 миң сомдук сертификат менен сыйланды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага министр Догдуркүл Кендирбаева катышып, катышуучуларды куттуктады.
"Тандоого республиканын аймактарынан 122 мектеп катышты. Сиздерди бүткүл Кыргызстан тандады. Мен үчүн ар бир мектеп жеңүүчү”, – деди Д.Кендирбаева.
Ошондой эле министрлик тарабынан башка катышуучуларга ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындан тышкары, демөөрчүлөр Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Сары-Челек аймагына караштуу №5 Асанбек Кабаев атындагы мектепке 600 миң сом берсе, башка бир демөөрчү 200 миң сомдук сертификат сыйлыгын берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.