super.kg logo
  Саясат  

 Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Жапаров Орусия Кыргызстандын эң жакын союздашы жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин айтты.

Өз кезегинде Мишустин кыргыз-орус мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жатканын белгиледи. Ал транспорт, логистика, өнөр жай, санариптик экономика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүнү тездетүүнү сунуштады.

Тараптар күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу, транспорт, энергетика, билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: