super.kg logo

Таиландда мектеп автобусу өрттөнүп, 25 адам каза болду

 

Бангкоктун четинде 40тан ашык окуучу менен мугалимдерди ташып бара жаткан мектеп автобусу күйүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Утхай-Тхани провинциясынан келе жаткан автобус дөңгөлөгү жарылгандан кийин тосмону сүзгөн. Анда
күйүүчү май бактары жарылган. Натыйжада катуу өрт чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 44 жүргүнчүнүн 25ке жакыны каза болгон, бирок транспорт министри Сурия Жуангрунгруангкит курман болгондордун так саны дагы эле тактала электигин билдирди. Андан тышкары 16 окуучу жана үч мугалим жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Маалыматка ылайык, автобуста башталгыч жана орто класстын окуучулары болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: