super.kg logo

"Хезболла" Израилдин жерден басып киргени боюнча маалыматын четке какты

 

"Хезболланын" коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Мухаммед Афифи Израилдин Ливандагы кыймылдын буталарына жерден чабуул жасаган деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Анын айтымында, Израилдин аскерлери Ливандын аймагына кирди деген маалыматтар жалган жана Израил аскерлери менен "Хезболланын" согушкерлеринин ортосунда кургактыктан кагылышуу болгон эмес.

Афифи эгерде Израилдин армиясы Ливанга басып кирүүгө батынса, кыймыл душман менен түз салгылашууга даяр экенин баса белгилеп, мындай аракет жасаган күчтөргө эң чоң жоготууларды берүүгө убада берди.

Ал ошондой эле Израилдин "Моссад"чалгындоо агенттигинин штаб-квартирасына жана "8200-бөлүмүнүн" базасына жасалган кол салуу "Хезболланын" мындан аркы аракеттеринин башталышы гана экенин кошумчалады.

Буга чейин Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари Ливандын түштүгүндөгү "Хезболланын" инфраструктурасына “чектелген жана массалык кургактык чабуулдары” башталганын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: