super.kg logo

Жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар текшерилди

 

Өлкөдө жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Транспорт министрлиги тарабынан билдиришти.

Анда жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышы текшерилди.

"9-сентябрдан 29-сентябрга чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө 46 миң 920 транспорт текшерүүдөн өттү. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 739 протокол түзүлүп, 5 миллион 621 миң 500 сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: