super.kg logo

Өлкөдө салмактык эрежелерди бузган жүк ташуучу унаалар 5 миллион сомдон ашык айып пулга жыгылды

 
Өлкөдө Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейд жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 9-сентябрдан 29-сентябрга чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө 46 миң 920 транспорт каражаты текшерилди. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга 739 протокол түзүлүп, 5 миллион 621 миң 500 сом айып пул салынды.
"Көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу жана эрежелерди так сактоого үндөө. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алыс жолго чыккан унаалардын айдоочуларына кышка даярдык жана керектүү шаймандарды (күрөк, чынжырча) алып жүрүү боюнча алдын ала маалымдоо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: