Футбол боюнча улуттук кураманын кеңейтилген тизмеси жарыяланды
Максим Лисицын жетектеген Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы, октябрь айында өтө турган оюндарга даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынына чакырыла турган оюнчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирет.
Маалымдалгандай, окуу-машыгууга 30 оюнчу барат. Соңку тизмеге 23 футболчу тандалып алынат.
Белгилей кетсек, улттук курама 3-8-октябрга чейин Сауд Арабиясынын Жидда шаарында машыгууларын өткөрүп, андан ары Катарга бара тургандыгы айтылган.
Курама команда 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында 10-октябрда конокто Катар курама командасы менен, ал эми 15-октябрда өз үйүндө Түндүк Корея менен ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















