super.kg logo

Оманда Эдил Байсалов ISESCO'нун башкы катчысы менен жолугушту

 

Омандын Маскат шаарында Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча ислам кызматташтык уюмуна (ISESCO) мүчө-өлкөлөрүнүн үчүнчү министрлер конференциясы өтүп жатат. Анын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ИСЕСКОнун башкы катчысы Салем бин Мохаммед Аль-Малик менен жолугушту. Бул туурасында бүгүн, 2-октябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар учурдагы жана келечектеги уюмдун багыттарын талкуулашкан.

Эдил Байсалов ИСЕСКОго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун программаларына катышууну активдештирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

ИСЕСКОнун башкы катчысы өз кезегинде Кыргызстандын билим берүүнү модернизациялоого болгон умтулуусун жогору баалап, уюм Кыргызстан менен мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууну бекемдөө үчүн кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: