super.kg logo
  Саясат  

“Кара пиар жүрүп жатат”. Аида Исмаилова өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди

 

Өлкөнүн Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова Facebook баракчасына видео жүктөп, ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди.

Ал акыркы мезгилде эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, ишмердүүлүгүнө карата каралоо иштери жүрүп жатканын айтты.

"Элчиликтин көмөгү аркылуу кореялык компаниялар Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен түз иштешип, алгылыктуу натыйжаларга жетишүүдө. Кээ бир адамдардын тобу ишке чоң тоскоолдук жаратышууда. Анын катарында азыр чет элдик жаран саналган, Кореядагы өлкөнүн мурдагы ардактуу консулу да бар. Алар Кыргызстанда ишмердик жүргүзгөн корей компаниялары үчүн ортомчулук кызматты жеке пайда көрүү үчүн жүргүзүшөт. Мен бул иштерге бөгөт койгом. Ошол себептен коомчулукта терс пикир жаратуу максатында менин жана элчиликтин ишине тийиштүү каралоо жана жалган маалымат таратуу боюнча иштер жүрүп жатат", - деген Исмаилова.

Ошондой эле элчи ишмердүүлүгүнө карата "кара пиар" жасагандар мыйзам алдында жооп берерине ишенерин кошумчалады.

Эске салсак, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттар элчи Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн комиссия түзүү чечимин кабыл алышкан. Комитетте комиссия түзүнүүнү депутат Кубанычбек Самаков сунуштап, Исмаилованын үстүнөн арыздануулар болуп жатканын айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: