Тазабек Икрамовдун ордуна жаңы депутат болуп келген Алтынбек Кылычбаев ант берди
Бүгүн, 2-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №13 бир мандаттуу Сузак округунан шайланып келген Алтынбек Кылычбаев ант берип, кызматына киришти.
Ошондой эле ал "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын курамына кирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы ага 30-сентябрда белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырган. Ал өз арызынын негизинде мандатын тапшырган Тазабек Икрамовдун ордуна шайланып келди.
19-июлда БШК Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде токтоткон. Эл өкүлү ага чейин УКМКга сурак берип чыккан.
Алтынбек Кылычбаев 1977-жылы 11-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айылында туулган.
2023-жылдын май айынан бери "Жалал-Абад" санаториясынын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

