super.kg logo

"Баш байгеге батир коюлган". Бишкекте 25 мугалим жана тарбиячы сынактын 2-туруна өттү

 

Бүгүн, 2-октябрда “Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы” сынагынын 2-туру старт алды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, биринчи турда 122 катышуучунун ичинен 25 мугалим суурулуп чыккан. Алар 30 суроого жооп берип, 40тан 60 баллга чейин упай топтошкон.

“Конкурсанттар бүгүн мастер-класска катышат. Мастер-класста мугалим окуучулар менен иштөөдө кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтө алат. Мында максималдуу балл 40”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, сынак 5-октябрга чейин уланат. Бул мугалимдердин масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынагы. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылары айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: