super.kg logo

Эмгек министри 100 миң сомдон алгандардын айрымдары жакшы киреше таап жатканын айтты

 

Бүгүн, 2-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "социалдык контракт" аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке ишин ачуу үчүн берилген сумманы жакшы иштетип, айына 20 миңден 40 миң сомго чейин киреше таап жаткандар бар экенин билдирди.

Жыйында "Социалдык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.

"Социалдык контракт" алгандардын 38 пайызы 20 миң сом өлчөмүндө киреше таап жатышат. 40 миң сомдон жогору тапкан үй-бүлөлөр дагы бар. Учурда мамлекет тарабынан 100 миң сом кайтарымсыз берилип жатат. Ал эми 200 миң сом бизнесин улап кетүү үчүн берилет. Бул сумма насыя катары берилгендиктен кайра кайтарып бериши керек. Бирок мамлекет жардам кылып, анын үстөк пайызын төлөп жаткандыктан 3 жылдан кийин 200 миң сомду эле берип калышат", - деди Полотова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: