super.kg logo

Чүйдөгү "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекетке кайтарылды

 

Чүй облусунун Панфилов районундагы "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 3,4 гектар болгон "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 миллион 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: