super.kg logo
  Спорт  

Белгилүү германиялык автожарышчы Михаэль Шумахердин башына операция жасалды

 

Автожарыштардын Формула-1 сериясы боюнча 7 жолку дүйнө чемпиону, германиялык Михаэль Шумахердин баш сөөгү кесилип операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда европалык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчу кышкы эс алууну Франциянын Мерибель шаарындагы тоо-лыжа базаларынын биринде өткөрүп жаткан. Лыжа тээп жүргөндө жыгылып, башы менен ташка урунган. 

Бул учурда спортчунун башында шлем болгону такталды. Шумахер оор абалда ооруканага жеткирилип, бир топ убакыт комада жаткан. 

Андан соң баш сөөгү кесилип, операция жасалган. Автожарышчы көп кан жоготкону тууралуу да айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: