super.kg logo

Ташиев УКМК кызматкерлерине мамлекеттик органдардын ишине кийлигишпөөнү буйруду

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик комитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн "УКМК кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол берилбестиги" жөнүндө буйрук чыгарды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Ташиев кеңешме өткөрүп, УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү бергендиги айтылат.

"УКМК атайын кызматтын кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык, адеп-ахлактык рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатканын маалымдайт. Анын алкагында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөн УКМКнын жети кызматкери жазаланганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: