super.kg logo

Эмгек министри ишкердик үчүн берилген 100 миң сомду канча үй-бүлө иштете албай калганын айтты

 

Бүгүн, 2-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "социалдык контракт" аркылуу аз камсыз болгондорго жеке ишин ачуу үчүн берилген сумманы 80 үй-бүлө иштете албай калганын айтты.

Ал комиссия ишти карап чыгып, аларга кайра жөлөк пул берүү чечимин чыгарганын белгиледи.

"Эки жыл аралыгында 12 миң 800 үй-бүлөгө берилсе, анын ичинен 80 үй-бүлө иштете албай калып, каражатын кайтарып беришкен. Бирок алар кайрадан комиссиянын чечими менен жөлөк пул алып жатышат", - деди Полотова.

Белгилей кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгаруу үчүн "Социалдык контракт" аркылуу 100 миң сом кайтарымсыз жардам берүү долбоору үч жыл мурда өкмөт тарабынан ишке ашырылган. Анын шарты боюнча жөлөк пул алып жаткан адам ишкердик менен алектенүү үчүн жөлөк пулдан баш тартса, мамлекеттен убадалаган сумманы берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: