Араванда милиция кызматкерлерине жаңы технологиялык жабдыктар тапшырылды




Бүгүн, 2-октябрда Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен заманбап технологиялык каражаттар тапшырылды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, райондун акими Сейтек Кулубаев милиция кызматкерлерине 16 планшет, 3 даана жүздү таануучу камера жана 1 монитор белекке берди. Техникалардын жалпы суммасы 1 миллион 648 сом болгон.
Кошумчалангандай, берилген каражаттар зарыл болгон жерлерге орнотулуп, аймактык тескөөчүлөр планшеттерге жашоочулар жөнүндө маалыматтарды киргизип, борбордук базага улаштырышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.