super.kg logo

Айрым соттолуучуларды бир жылда бир жумага үйүнө жиберүү сунушталууда

 

Бүгүн, 2-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков жалпы жана күчөтүлгөн режимдеги жаза өтөөчү жайларда кармалып турган жарандарга жылына бир ирет бир жумалык мөөнөткө үйүнө барып келишине уруксат берүү каралып жатканын айтты.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

Ал мындай мүмкүнчүлүк жашы жете элек балдары бар жалгыз бой ата-энелерге берилерин белгиледи. Ошондой эле Садыков каралып жаткан жеңилдик оор кылмыш боюнча соттолгондорго тиешелүү эместигин айтты.

"Өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга, экстремисттик багыттагы кылмыштар, уюшкан кылмыштуу топтук мүчөлөрү үчүн, оор жана өзгөчө оор кылмыштар сыяктуу беренелер менен жаза өтөп жаткандарга уруксат берилбейт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: