super.kg logo

Израиль БУУнун баш катчысы Гутерришти "персона нон грата" деп жарыялады

 

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти "персона нон грата (каалабаган жүз же конок)" деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып жазышууда.

"Израилдин тышкы иштер министри Кац бүгүн, 2-октябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти Израилде "персона нон грата" деп жарыялап, анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салганын билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Анда мындай чечим БУУнун баш катчысынын Ирандын Израилге жасаган чабуулуна реакциясынан улам кабыл алынганы белгиленген. Израилдин Тышкы иштер министрлиги "БУУнун баш катчысы Ирандын Израилге каршы агрессиясын олуттуу деп айыптаган жок" деп баса белгиледи.

Эске салсак, кечээ, 1-октябрда Иран Израилге 500дөн ашык баллистикалык ракетасын учурган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: