super.kg logo

Министр Төрөбаев: "Кайсы аймакта жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат"

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз индустриянын базасында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбордун ачылышына катышты.

Министрликтен билдиришкендей, борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берет.

Мына аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли, Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжада болобу жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула. Эгер биз райондордо 60 жерге жүндү кайра иштетүүчү өндүрүштү койсок, жүн маселесин чечебиз. Ал эми наркы 120 миң сом эле турган малдын терисин сыйруучу станокту ар бир айыл өкмөтүнө койсок, тери көйгөйүн чечебиз”, - деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, борбор чакан бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: