super.kg logo

Кыргызстанда өмүр бою соттолгондордун саны канча? Аларды акы төлөнүүчү жумушка тартуу сунушталууда

 

Бүгүн, 2-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков "Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарды акы төлөнүүчү жумушка тартуу сунушу киригизилип жатканын билдирди.

Ал азыркы мыйзам боюнча аларды акы төлөнүүчү жумушка тартууга болбой жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө өлкө боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган 367 адам бар экенин айтты.

Ошондой эле Садыков аталган мыйзамга соттолгондордун билим алуусуна шарт түзүп берүүнү караган сунуш дагы каралып жатканын кошумчалады.

"Жазаларды аткаруу кодексинин 23-беренесине ылайык, соттолгондор негизги жалпы жана орто жалпы, башталгыч жана кесиптик билим алууга укуктуу. Бирок соттолгондордон билим алууну каалагандардын саны аз болгондуктан бардык жаза аткаруу мекемелеринде окутуу класстарын ачууну негизсиз деп эсептейбиз. Ошондуктан билим алууну каалаган соттолуучу жазасын өтөп жаткан мекемеде окуу классы жок болсо, билим берүүчү классы бар ошол түрдөгү башка мекемеге которууну сунуштайбыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: