УКМК кызматкерине 20 миң доллар сунуштаган айыл өкмөт башчысы кармалды (видео)





Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы УКМК кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Савай айыл өкмөтүнүн азыркы жетекчиси буга чейин Жаңы-Арык айыл өкмөтүн башкарып келген. Ал ошол учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл өкмөттүн аймагындагы жеке турак жай курууга ылайыктуу жана коммерциялык багыттагы жер тилкелерин башка адамдарга мыйзамсыз каттаган.
Мындан улам ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн УКМК кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
02.10.24
02.10.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.