super.kg logo
  Саясат  

Динара Кемелова Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөр жана суу маселелери боюнча эл аралык демилгелер талкууланды.

Динара Кемелова Тажикстандын суу боюнча демилгелерине оң баа берип, Кыргызстандын БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУКАК) алкагындагы тоо демилгелери тууралуу айтып, тоолуу аймактар климатка эң аялуу экенин айтты.

"Тараптар тоо демилгелерин илгерилетүү, мөңгүлөрдү сактоо жана мөңгүлөрдүн эриши, тоолордогу табигый кырсыктар, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, тоолуу жайыттардын деградациясы, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга терс таасирлери жана башка ушул сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн БУУнун, БУУКАКтын жана башка эл аралык платформалардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүү ниетин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: