super.kg logo
  Саясат  

Элчи Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын мэри менен жолукту

 

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын мэри Файсал бин Абдулазиз бин Айяф менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалмдалгандай, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туризм жана ишкердик байланыштарды жылдырууга, эки өлкөнүн борборлорунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле алар Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда эки шаардын достугун бекемдөөгө өбөлгө боло турган боордоштук мамилелерди түзүүнү талкуулашты.

"Эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлине жараша жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен элчи Марипов жана Файсал Айяф кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана потенциалдуу багыттарын аныктоо максатында эки муниципалитеттин жумушчу топторунун иш сапарларын уюштуруу маселесинин үстүндө иштөөнү макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Улукбек Марипов Файсал Айяфты Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: